Министрлик бир нече майрамдарды, анын ичинде 23-февралды жумуш күн кылууну сунуштады

Эмгек министрлиги айрым майрамдардын статусуна карап, дем алыш күндөрүнө туура келген майрамдарды иш күнгө которууну сунуштады. Тиешелүү мыйзам долбоору 22-февралда коомдук талкууга коюлган.

Маалыматка караганда, азыр өлкөдө расмий түрдө 14 майрам күн бар. Ал эми Эмгек министрлиги бул кыргызстандыктар үчүн көп деп эсептейт. Бул майрам күндөр дем алыш күндөргө туш келгенде, иш күндү дем алыш күн деп жарыялоо менен байланыштуу. Буга байланыштуу министрлик майрам күндөрүн калтырууну, бирок 23-февраль (Мекенди коргоочулар күнү), 7-апрель (Элдик апрель революциясы күнү), 7-8-ноябрь (Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүн) күндөрүн иш күн кылууну сунуштап жатат. 

Ошол эле учурда Эмгек министрлиги жаңы жылдык каникулдарды январдын башында (31-декабрдан 7-январга чейин), ал эми май айында (1-майдан 9-майга чейин) эс алуу күндөрүн белгилөөнү сунуштап жатат Бирок, банк структуралары үчүн бул күндөрдү жумуш күн деп калтырууну пландаштырууда.