Министрлик депутаттын «картошка жер төлөдө чирип жатат» дегенин калп деди

Буга чейин депутат Акылбек Түмөнбаев комитет жыйынында Айыл чарба министрлигине болгон нааразычылыгын билдирген. Ал картошка маселесин көтөрүп, эл сата албай, жер төлөдө чирип жатканын айткан. Ага Айыл чарба министрлиги жооп кайтарды.

«Былтыр, 2023-жылы өлкөдөн 42,2 миң тонна картошка Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстанга экспорттолгон. Башкача айтканда, картошканын баасы 2023-жылдын апрель айында 23,3 сом, май айында 30,0 сом, июнь айында 45 сом, сентябрь айында 30 сом, октябрь айында 25,2 сом, ноябрь айында 26,5 сом болгон. Ал эми 2022-жылы апрель айында 25,6 сом, май айында 35 сом, июнь айында 40 сомду түзгөн. Быйыл 2024-жылдын март айына карата республика боюнча кортошкага болгон орточо дүң баасы 10-12 сомдон, ал эми базарларда 18 сомдон 25 сомго чейин сатылууда.

Учурда Өзбекстанга экспорттун көлөмүн көбөйтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Ошондой эле, Кытайга дагы картошканы экспорттоого сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин 1-апрелдеги жыйында депутат Акылбек Түмөнбаев картошка маселесин көтөрүп, эл сата албай, жер төлөдө чирип, малга берип жатышканын айткан. Министрлик бул маалымат чындыкка дал келбестигин билдирет», — дешти.