Министрлик: «Электр энергиясын колдонуу Кыргызстандын тарыхында рекорддук чекке жетти»

Электр энергиясын колдонуу Кыргызстандын тарыхында рекорддук чекке жетти. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

«Кыргызстанда 11-12-декабрь күндөрү электр энергияны колдонуу рекорддук чекке жетти. Кыш мезгили башталып, абанын температурасы төмөндөгөндүгүнө байланыштуу, калк электр энергиясын ченемден ашык колдонууга өттү. Кечээги күнгө алынган маалымат боюнча, 3612 МВт кубаттуулукта электр энергиясы сарпталып, электр энергиясынын суткалык керектөөсү 78,931 миллион кВт саатка чейин жеткен. Мындай көрсөткүч Кыргызстандын тарыхында болгон эмес», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин электр энергиясын колдонуунун акыркы рекорддук көрсөткүчү 2023-жылы 14-декабрда катталган. Анда электр энергиянын керектөө кубаттуулугу 3401 МВт, ал эми суткалык керектөөсү 73,370 миллион кВт саатка чейин жеткен. Бирок ал учурда абанын температурасы -8…-20 градус болсо, 11-12-декабрда аба температурасы -5…-14 градусту гана түзгөн.

«Учурда электр энергиясын ашыкча колдонгон аймактарда, электр тармагындагы жабдуулар ашыкча жүк келүү менен иштөөдө. Мындай учурда энергетиктер ошол жердеги абоненттердин электр энергиясын башка линияга (фидерге) которгонго чейинки аралыкта, 1-2 сааттык убакытты талап кылат. Бул учурда электр жарыгы убактылуу үзгүлтүккө учурайт. Эгерде энергетиктер мындай чара көрбөсө, кымбат баалуу энергетикалык жабдуулар иштен чыгып калышы мүмкүн», — деп айтылат маалыматта.