Саламаттыкты сактоо министрлиги 35 жашка чейинки алыскы райондордо, чакан шаарларда жана айыл жергесинде жайгашкан мамлекеттик саламаттык сактоо мекемелеринде эмгектенген жана ординатураны жаңы аяктап, аймактарга барып иштөөнү максат кылган дарыгерлерди «Дарыгердин депозити» программасына катышууга чакырат.
Бул программа — өлкөнүн алыскы аймактарында жашаган калкка медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу жана ошол аймактарда эмгектенген жаш дарыгерлерди материалдык жактан колдоо максатын көздөйт. Учурда жаш дарыгерлерге квартал сайын стимул катары берилүүчү төлөмдүн суммасы 66 000 сомду түзөт.
Катышуу үчүн талап кылынган документтердин тизмеси:
• Арыз (эркин формада);
• Резюме;
• Паспорттун көчүрмөсү;
• Жогорку медициналык билими тууралуу дипломдун көчүрмөсү;
• Дипломдон кийинки билими тууралуу сертификаттын көчүрмөсү;
• Квалификацияны жогорулатуу боюнча сертификаттын көчүрмөсү (соңку 5 жылда берилген);
• Эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
• 3×4 өлчөмдөгү сүрөт — 2 даана;
• Жетекчинин колу жана мөөрү басылган, саламаттык сактоо мекемесинин фирмалык бланкасында жазылган тастыктама.
Документтерди тапшыруу тартиби:
Документтер төмөнкү жолдордун бири аркылуу тапшырылат:
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Жалпы бөлүмүнө кагаз түрүндө алып келип тапшыруу жолу менен;
2. PDF форматында өзүңүз иштеген саламаттык сактоо уюмунун “Infodocs” электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу.
Кошумча маалымат алуу үчүн:
Телефон номери: 0778 20 45 71. Адам ресурстары жана укуктук камсыздоо башкармалыгынын жетектоочу адиси Жамал Рысбаева.