Министрлик «келин 2 күндөн бери боюндагы өлүк бала менен жүрөт» деген маалымат боюнча комментарий берди

Саламаттыкты сактоо министрлиги «ичинде түйүлдүгү өлүп калган кош бойлуу аялга дары-дармектер жетишсиз деп Токмоктогу төрөт үйүндө жардам көрсөтүлбөй жатат» деген маалымат боюнча үн катты. Аял менен күйөөсүнүн окуясы камтылган видеону блогер Улукбек Карыбек уулу YouTube каналына жарыялады.

«36 жума болгон. Буга чейинки анализдер жакшы эле болуп жаткан. Сасык тумоо болгом. Токмокко барып, «балам кыймылдабай жатат» дедим. Төрөтканага бар дешти. Алар УЗИ жок экенин айтып, Бишкекке жөнөттү. УЗИден жүрөгү сокпой калганын айтты. «Баламдын жүрөгү сокпой калыптыр, толгоо чакырган дары саясыңарбы?» десем, эртең менен дарыгерлер келерин айтып, алар көрөт дешти. Төрөтканада орун жок, кааласаң үйгө барып, эртең кел деди. Үйгө кеттим», — дейт ал.

Ал эртеси келсе, толгоо чакырган дары жок экенин, сатып алып келүү керектигин айтышкан.

Саламаттыкты сактоо министрлиги журналисттерге окуя боюнча маалымат беришти. Алар аялга жардам берүүдөн эч ким баш тартпаганын, бирок чындап эле төрөт үйүндө дары жок экенин айтышкан. Аталган башкармалыктын башкы адиси Раиса Асылбашеванын айтымында, аял төрөгөн, бейтапты адегендер кароо зарыл болгондуктан, дароо эле кабыл алышкан эмес.

«Биз анын жаңы эле келгенин эске алып, текшерүүдөн өтүп, анамнез алуу керектигин түшүндүрдүк. Ал бизди түшүнүп, макул болгон. Боюндагысы 34 жума болсо да, иштеп жүргөн, бирок биз 30 жумада декреттик өргүүгө чыгыш керек, баланы ойло деп жүргөнбүз. Ал эми кеп болуп жаткан дарыларга келсек, тендер өттү, бирок натыйжада жеткирүүчүлөр жок болгондуктан, аларда дары жок. Кандай болгон күндө да төрөт үйлөрүнүн ортосунда өз ара жардам бар. Дары-дармектер табылды, алар ага беришти. Саламаттыкты сактоо уюмдарында кээде форс-мажордук жагдайлар болуп турат», — деген ал.

Анын айтымында, төрөткө чейинки түйүлдүктүн өлүмү кылдат текшерүүнү талап кылат.