Министрлик: «Кыргызстанда өспүрүмдөр, кош бойлуу аялдар да коронавирустан эмделет»

Бишкек шаарында коронавирустан кайталап эмдөө иштери 17-ноябрдан тарта башталат. Ал эми региондордогу жарандар бир жуманын ичинде үчүнчү жолу эмдөөдөн өтүп баштайт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Ким кошумча (үчүнчү) доза ала алат: иммундук системасында жетишсиздиги орточо жана оор адамдар; мурда Sinofarm, Sinovac жана башка инактивдештирилген вакциналарды алган 60 жаштан жогорку адамдар; коронавирус инфекциясын жуктуруп алуу жана жугуу коркунучу өтө жогору болгон медициналык кызматкерлер; COVID-19 оорусуна чалдыккан адамдар үчүн (анын ичинде мурда эмделгендер).

Жеткиликтүү эмдөө үчүн 16-18 жаштагы өспүрүмдөр, кош бойлуу жана бала эмизген аялдарды да эмдөө тууралуу чечим кабыл алынганы белгилүү болду.