Министрлик: «Эртең менен жана кечинде электр энергиясы өчүрүлүшү мүмкүн»

Энергетика министрлигинен 2024-2025-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү иштерин өткөн жылга салыштырмалуу эрте баштарын билдиришти.

«Бир катар реконструкциялык иштерге байланыштуу энергетика системасындагы тиешелүү болгон 290 МВт электр энергиясынын тартыштыгы пайда болуп, бул Кыргыз Республикасынын керектөөчүлөрүндө электр энергиясын пайдаланууда убактылуу чектөөлөрдү киргизүү зарылдыгы келип чыгат. Эртең менен жана кечинде эң көп жүктөм болгон учурда электр энергиясын керектөөдө чектөөлөр киргизилиши мүмкүн.

Энергетика министрлиги жана «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК керектөөчүлөрдү электр энергиясын этияттык менен колдонууга жана бир нече энергияны көп талап кылган электр шаймандарын бир убакта күйгүзбөөгө чакырат, өзгөчө электр энергияны эң көп талап болгон маалында, эртең менен саат 06:00дөн 9:00гө чейин жана кечки маалда 18:00дөн 21:00гө чейин.

Быйыл өткөн жылдарга салыштырмалуу келерки күз-кыш мезгилине даярдык эрте көрүлө баштайт. 5-марттан тарта эки ГЭСтин гидроагрегаттары реконструкцияга берилсе, жаздын келиши менен Электр тармактар ишканаларында оңдоо иш-чаралары башталат. Электр объектисин өчүрүү менен иштер жүргүзүлсө, керектөөчүлөргө алдын ала расмий сайттар, социалдык тармактар жана массалык маалымат каражаттары аркылуу маалымат берилет», — дешти.