Министрлик мектептерде акча чогултууга тыюу салынганын эскертти

Мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарында акча каражаттарын мыйзамсыз чогултууга жана мектептердин алдында коомдук фонддорду түзүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

Окуучуларга жана алардын ата-энелерине мыйзамсыз акча каражаттарын алуу же моралдык-психологиялык кысым көрсөтүү фактылары аныкталган учурда күнөөлүү адамдарга карата ээлеген кызматынан бошотууга чейинки тартиптик жаза чаралары колдонулат.