Министрлик: «Ошто окуучулар мушташты деген видео чындыкка дал келбейт»

Билим берүү министрлиги буга чейин интернетке тараган видео боюнча маалымат берип, Ошто окуучулардын массалык мушташы болду деген маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди.

Маалыматка караганда, бул видео жарнама катары тартылган. Ошондой эле жарнамага жашы жете электерди аралаштырбоо боюнча эскертүү айтышты.