Министрлик “Павел Дуров Кыргыз жарандыгын алды” деген сөздү четке какты

Санариптик өнүктүрүү министрлиги Telegram мессенжеринин негиздөөчүсү, миллиардер Павел Дуров Кыргыз жарандыгын алганы тууралуу маалыматты четке какты.

“Павел Дуров Кыргыз Республикасынын жараны болуп эсептелбейт. Ага жарандык берүү маселеси Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинде каралган жок”, — деп айтылат маалыматта.

Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Эрбаев комитеттин 10-сентябрдагы жыйынында “коомдо Павел Дуров Кыргыз жарандыгын алганы айтылууда” деп билдирген.