Министрлик: Сасык тумоого чалдыккандардын 70 пайызы балдар

Учурда курч респиратордук вирустук инфекциялар боюнча эпидемиологиялык абал 45-жума боюнча туруктуу, расмий статистика боюнча медициналык уюмдарга кайрылган жарандар арасында КРВИнин 4275 учуру катталды, алардын 70%ы 14 жашка чейинки балдар.

Бишкек жана Ош шаарларында, Ысык-Көл жана Чүй облустарында калктын көптүгүнө байланыштуу башка аймактарга салыштырмалуу оорунун көрсөткүчү жогору. Көрсөткүч өткөн жумага (44 жума 80,8) салыштырмалуу — 25,5 пайызга азайган.

КРВИ жана сасык тумоо боюнча эпидемиологиялык сезондун башталышына байланыштуу Бишкек шаарындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору жаңы график боюнча иштеп жатат. Иш күндөрү: 8:00дөн 20:00гө чейин. Ишемби жана жекшемби: 8:00дөн 18:00гө чейин.