Министрлик: «Сентябрда мугалимдердин айлыгы азаят деген маалымат калп»

Билим берүү жана илим министрлиги «мугалимдердин айлыгы сентябрда азаят» деген кепти четке какты.

«Мугалимдер сентябрда деле жогорку айлыкты ала беришет. 2022-жылдын 30-мартынан тартып педагогикалык персоналдарга айлык акы 80 пайыз, административдик-башкаруу персоналдарга 50 пайыз, техникалык жана тейлөө персоналдарга 80 пайызга көтөрүлгөн. Андыктан мектепке чейинки жана жалпы билим берүү мекемелеринин мугалимдеринин эмгек акысы сааттык төлөмдөн тарифтик ставкага (оклад) которулган. Ошондой эле минималдык базалык ставка да коюлган.

Тарифтик ставка (оклад) минималдык базалык ставканын өлчөмүнө кызматтык оклад жана ставкага карата кызмат орду боюнча эселүүлүк коэффициенти көбөйтүү аркылуу эсептелет. Буга ылайык, 2022-жылдын 1-сентябрынан тартып мугалимдердин айлык акылары ушул боюнча сакталып кала берет. Сентябрда мугалимдер аз айлык алып калышат деген кеп чындыкка жатпайт», — деп билдиришти министрликтен.