Министрлик «тажикстандык студенттер куугунтукталып жатат» деген маалымат боюнча үн катты

Билим берүү жана илим министрлиги Тажикстан Республикасынын билим берүү жана илим министри Махмадюсуф Иномзода мырзанын Кыргызстандын жогорку окуу жайларында окуп жаткан Тажикстандын жарандарынын куугунтукталып жаткандыгы тууралуу айткандарын четке какты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

«2020-2021-окуу жылында Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында Тажикстандын 1932 жараны окуду. Билим берүү жана илим министрлигине жана тийиштүү жогорку окуу жайлардын жетекчилигине ушул жылдын апрелинен тартып азыркыга чейин Тажикстандын жарандары – студенттери тарабынан куугунтуктоо тууралуу кандайдыр бир даттануу келип түшкөн эмес. Анын үстүнө кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатак маалында Тажикстандын жарандарына Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын жетекчилиги тарабынан зарыл колдоо көрсөтүлгөн»,- деп айтылат маалыматта.

Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу окуу процесси көпчүлүк жогорку окуу жайларда дистанттык билим берүү технологияларын колдонуу менен онлайн режимде жүргүзүлгөнүн кошумчалашты.

Тажикстандын билим берүү министри Кыргызстанда билим алып жаткан тажикстандык студенттер өз мекенине кайтарыларын айтып, анын себебин түшүндүргөн эмес.