Министрлик ыктыярдуу түрдө жана каза болгондон кийин донор болуу мыйзамын сунушташы мүмкүн

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бүгүн, 29-июлда 2024-жылдын жарым жылдык отчетун берди.

Министр Саламаттыкты сактоо министрлиги донор боло турган адамдардын тизмесин кеңейтүүнү каалап жатканын билдирди. Анын айтымында, донор боло турган адамдардын тизмесин ыктыярдуу донор жана адам каза болгондон кийин органын алуу менен кеңейтсе болорун жана бул боюнча мыйзам жазыларын айтты. 

Анын айтымында, министрге «кошунасы же таанышы болом, мага донор болууга уруксат бериңиз» дегендер бар. Азыркы мыйзам боюнча бейтаптын тууганы гана донор болот алат.