Министрлик Зардалыдагы мектепте директор жана башталгыч класстарынын мугалими эмгектенерин айтты 

Билим берүү жана илим министрлиги Зардалы айылындагы мектептеги абал боюнча маалымат берди.

«Туруктуу айылда 10 түтүн калк жаш директор жана башталгыч класстарынын мугалими эмгектенет. 2024-2025-окуу жылында 2-класста бир окуучу, 3-класста – 3 окуучу билим алууда. Мектепте директор жана башталгыч класстарынын мугалими эмгектенет. Англис жана орус тил мугалими декретке чыкканына байланыштуу орун бош. Учурда окуу китептери менен камсыздоо боюнча маселе чечилди.

Жол шарты катаал болгонуна байланыштуу мектепке жумасына 7-10 күндүк тамак-аш жеткирилип турат. Айылда зым өткөрүүчү электр энергиясы жок болгондуктан интернет байланыш туташтырылган эмес. Айыл өкмөтү орноткон зымсыз интернет байланышы үчүн жабдыкты оңдоп түзөө маселеси бар. Башталгыч мектепти бүткөндөн кийин окуучулар Кара-Бак жана Чет-Кызыл айылдарында билимдерин улантышат»,- деп айтылат маалыматта.