Министрликтин имаратынын жанында Алымкадыр Бейшеналиевдин кызматтан кетишин талап кылган митинг өттү

Бүгүн, 5-февралда Саламаттыкты сактоо министрлигинин имаратынын жанында Алымкадыр Бейшеналиевдин кызматтан кетишин талап кылган митинг өттү. Каршылык акцисына 4-оорукананын дарыгерлери жана бейтаптардын жакындары чыгышты.

«Министрге байланыштуу ызы-чуудан улам биздин операцияларды токтотуп коюшту. Биз Сабырбек Жумабековду жайына коюшун талап кылабыз. Ал иштей берсин. Бизге Алымкадыр Бейшеналиевдин реформалары керек эмес. Андан көрө отставкага ошол кетсин», — деди митингге катышкандардын бири.

Буга чейин саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев аталган борбор Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы болуп кайра түзүлөрүн билдирген. Кайра түзүлсө, жетекчи алмашарын айткан. Буга каршы болгон ак халатчандар 3-февралда оорукананын алдында митинг өткөрүштү. 4-февралда министр Жумабековдун кызматтан алынганын айтты. Ал эми анын ордуна жаңы дайындалган жетекчини ооруканага киргизбей коюшту.