Мирбек Атабеков 13 жаштагы зордукталган кызга элди жардам көрсөтүүгө чакырды (видео)

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков 13 жашар кыздын тагдырына кайдыгер болбой, элди жардам берүүгө чакырган кайрылуу жасады.

«Учурда зордукталган 13 жашар кыздын окуясы чон резонанс жаратты. Кылмышка шектелгендер толук жазасын алуусун тийиштүү органдардан талап кылабыз. Кыздын үй-бүлөсү учурда начар абалда экен. Атасы миграциядан эми келиптир, апасы ооруйт экен. Андыктан ал кыздын калыптануусуна, жалпы эле үй-бүлөсүнө чоң каражат талап кылынууда. Ар бирибиз бул муктаждыкка салымыбызды кошолу.

Мындай жаман окуялар болуп жатса, биз унчукпай койбойлу. Биз канчалык теманы көтөрүп чыксак, канчалык тема козголсо, бийлик тараптан чечкиндүү кадамдар болсо, мындай нерсе кайталанбайт деп ишенем», — деген Мирбек Атабеков. 

Буга чейин Мирбек Атабековдун жубайы Мээрим Төлепберген белгилүү адамдарга коомдо болуп жаткан окуяга кайдыгер болбой, реакция кылууга кылууга чакырган.