Миргазы Исаков Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси болуп дайындалды

Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратын Миргазы Исаков жетектейт. Мэриянын маалыматы боюнча, буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Айбек Жунушалиев кол койгон.

Миргазы Исаков буга чейин Президенттин администрациясынын уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүндө инспектор болчу.