Мирлан Арстанбаев Кыргызстандын Австралиядагы, Жаңы Зеландиядагы жана Филиппиндеги элчиси болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Япониядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Арстанбаев Мирлан Есенович ишин айкалыштырып, Токио шаарындагы резиденциясы менен Кыргыз Республикасынын Австралиядагы, Жаңы Зеландиядагы жана Филиппин Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.