Мирлан Жакыпов «Кыргыз көмүр» ишканасынын директору болуп кайра дайындалды

Бүгүн, 19-июлда Мирлан Жакыпов «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасынын директору болуп кайрадан дайындалды. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти.

Маалыматка караганда, аны жамаатка энергетика министринин орун басары Тилек Айталиев тааныштырды.

Жакыпов ушул эле кызматта 2022-жылдын 24-майына чейин иштеген. Буга чейин бул кызматты 33 жаштагы Элдияр Калдарбеков аркалап келген.