Ички иштер министринин орун басары кызматынан бошотулду

Милициянын генерал-майору Мирлан Каниметов ички иштер министринин орун басары кызматынан бошотулду. Ал кызматтан кечээ, 3-апрелде бошотулганын АКИпресс агенттиги күч түзүмдөрүндөгү булактарына таянуу менен жазды.

Азырынча анын ордуна эч ким дайындала элек.