Депутат Мирлан Самыйкожо аялдарга болуп жаткан зомбулук боюнча маалымат таратып жаткандарга чара көрүүнү суранды.
«Ушул маалымат кайсы жактан, ким чыгарып жатат, каякка таратып жатат? Ушуну көбөйтүп кетип бара жатабыз. Маалыматтардын чыгышына көзөмөл барбы? Токтотуп коюңуз деген эч ким жок, болгону каяктан чыгып жатат, кимдер чыгарып жатат деген маселелерди айтып жатам. Муну көбөйтө берүүнүн кереги жок. Кыргызда «жаманды жашыр, жакшыны ашыр» деген сөз бар. Туура, кыргыздар аялдарга тең укуктуулук менен карап келген. Бирок бүгүн кулак-мурду кесилип кордолуп жатканы, бул жигитчилик эмес, мырзалык эмес. Бул өтө жаман көрүнүш. Болгону ушул нерселерди жайылтып жаткан нерселерди карап коюш керек. Атайын бир жерден чыгып жаткандай болуп жатат», — деди ал.
ИИМ башчысынын орун басары, жайылтуу боюнча мыйзам бузуу болсо, чара көрүлөрүн айтты.
«Сөзсүз, ошолорго чара көрүү керек. Тагыраак айтып кетейин, урматтуу туугандар, кыргыз журту! Кыргыз эч качан аял же эркек деп бөлгөн эмес. Жан шерик, теңим, жарым деп келген. Аялзатына болгон басымды көбөйтүп, эркек затын мыкаачы, зордукчул, кордукчул көрсөтүп албайлы. Кыргыздын мырзалары мырза мүнөз, жигиттик сапаты болгон. Бүгүн да ушундай болушу керек. Ал эми бир карын майды бир кумалак чиритип жаткан мезгилде «зөөкүр болуп бара жатат» дегенден алыс болобу», — деди ал.