Мирланбек Токтомушов Ош шаарынын казысы болуп дайындалды

Кечээ, 28-январь күнү Ош шаарындагы «Имам аль-Бухари Алай» мечитинде шаардагы жалпы дин кызматкерлерине кезектеги айлык жыйын өткөрүлүп, КМДБнын №18 буйругунун негизинде шаардын жаңы казысы дайындалды. Аталган буйрукка Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Замир Ракиев кол койгон.
Мирланбек Токтомушов жөнүндө кыскача маалымат:
Туулган жылы: 07.06.1980
Туулган жери: Ош облусу, Кара-Кулжа району, Ылай-Талаа айылы
Диний билими:
1997-1999-жылдары Бишкек шаарындагы “Хазирети Умар” ислам институту
1999-2003-жылдары Сириядагы “Айнь аль-Араб” ислам институту
2010-2014-жылдары Ош “Абдужапар” ислам институту
2010-2017-жылдары Ош мамлекеттик юридикалык институту, укук таануу адистиги
Тажрыйбасы:
2011-жылдан бери “Шейит-Дөбө” мечитинин баш имам-хатиби
2014-2019-жылдары Ош шаарындагы Ак-Буура батыш хатибиятынын баш имам-хатиби
2019-2022-жылдары Ош шаарынын мусулмандар казысынын орун басары
2022-жылдын октябрь айынан баштап, Ош шаарынын мусулмандар казысынын милдетин аткаруучу болуп эмгектенип келген.