Мирзийоев: «Боордош өлкөнүн элине ар дайым прогресс каалайм»

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жылы менен куттуктады.

«Кирип келген Жаңы 2023-жыл менен чын дилимден куттуктоолорумду жана эң жакшы каалоолорумду кабыл алыңыз! Сизге бекем ден соолук жана албан ийгиликтерди, ал эми боордош өлкөнүн элине тынчтык, гүлдөп өнүгүү жана ар дайым прогресс каалайм», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.