“Мисс Бишкек-2012” сулуулук сынагынын жеңүүчүсү рак илдетинен каза болду

“Мисс Бишкек-2012” сулуулук сынагынын жеңүүчүсү 27 жаштагы Зульфира Эркинбекова каза болду. Маалыматты анын жакындары тастыктады.

Маалым болгондой, Зульфира Эркинбекова буга чейин социалдык тармактагы баракчасына рак оорусуна чалдыкканын жазып чыккан.

“Учурда жолдошум менен Түркиядамын. Клиникада текшерүүдөн кийин операция жасаш керектигин айтышты. Андан кийин химиотерапия курстары болот. Бул узак жана татаал жол, бирок баш тарта албайсың », — деп жазган ал.