Окуучулар митингге чыккан мектептин мугалими: «Өз каалооңор менен жумуштан кеткиле» деп кысымга алышууда»

17-апрелде Бишкек шаарындагы №1 гимназия-интернатынын окуучулары жана мугалимдери митингге чыгышкан. SUPERTV телеканалы аталган билим уясына барып, митингдин чоо-жайын сураштырдык. Коомчулуктун көңүлүн бурган окуядан саналуу күндөр мурда мектепке президент барганы да маалым болду.

«60 мугалимди ушул жакка калтыргыла деп талап кылып жатабыз. «Өз каалооңор менен жумуштан кеткиле» деп кысымга алышууда. Биз «ушул окуу жылын аягына чыгарып, окуучуларды бүтүрөлү, анткени экзамен, ЖРТ тапшырыш керек» деп жатабыз. Эмгек эргүүсүнө чыгалы, анан кетели дедик. Бизди башка мектепке алып барганда деле, эч ким бизге мынча саат бербейт. Балким жарым ставка берет», — деди Нурхан Абылабекова. 

Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгы менен байланышканыбызда, ал жогорудагы мугалимдин айтканын четке кагып, эч ким кыйнап арыз жаздырбаганын айтты.