Митингчилер: «4 баланын күнөөсүз энесин кармап, Матраимовду бошотуп жиберген бийликке нааразыбыз»

Бүгүн, 15-февраль күнү Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн тургундары өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышты.

Алар бийликтен Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Жылдыз Чодобаеваны үй камагына чыгарууну талап кылышууда. Чогулган элдин айтымында, Чодобаеванын 4 баласы бар, эң кичүүсү эмчектеги ымыркай.

«Жылдыздын 4 баласы бар. Ошол төрт ымыркайы менен эки кичинекей бөлмөлүү үйдө турушат. Биз билебиз аны, ал андай коррупциялык иштерге барбайт. Андай эле коррупционер болсо килтейген эки кабаттуу үйдө турушпайт беле. Балдары апасын сагынды. Кенедей эмчектеги баласы бар. Неге өкмөт ушундай? Карапайым калкты камакка алат да, миллиардаган акчаларды жеген жемкорлорду бошотуп жиберет”, — деп билдиришти митингчилер.

Ошондой эле чогулгандар өкмөттөн Жылдыз Чодобаеваны сот иштерине чейин үй камагына чыгарууну суранышарын кошумчалашты. Алардын айтымында, ал эч жакка качпайт, сурактарга өз убагында келип катышып турат. «Болгону балдары апасы жок каралбай калбасын», — деп кабатыр болуп жатышканын кошумчалашты.

Мындан бир жума мурун Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Жылдыз Чодобаева Башкы прокуратура тарабынан убактылуу камакка алынган. Анда ал УКМКнын экс-төрагасы Абдил Сегизбаевдин иши менен байланыштуу экени мекеме тарабынан айтылган болчу.