Митингчи айым Акылбек Жапаровго: «Мен чач тарачмын, мага ККМдин эмне кереги бар?»

Бүгүн, 13-июнда Өкмөт үйүнүн алдында кассалык аппаратка каршы митинг болуп өттү. Чогулгандардын алдына Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров келип, нааразычылыктарын укту.

Митингге келген айым чач тарач болуп иштерин айып, «мага ККМдин эмне кереги бар?» деген суроо салды. Акылбек Жапаров кереги жок экенин айтты.

«Анан эмне мага ККМ аппаратты койдурдуңуз? Ишенбейсизби «мына» деп телефонундагы сүрөттү көрсөттү. Мына менин эки кызым (иштегендер) Орусияга кетип жатат. Мага кереги деле жок»,— деди ал.