Митингчи: «Пандемия учурунда Матраимов элге жакшы эле жардам берди»

Бүгүн, 19-февралда Райымбек Матраимовдун 100дөн ашык тарапташы УКМКнын алдына чогулду. Алар Матраимовдун кармалышынын себебин түшүндүрүп, аны күнөөлөө жана каралоо туура эмес экенин айтып жатышат.

Чогулгандардын арасынан Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаевди да көрүүгө болот.

Митингчилердин айтымында, Матраимовдун кайра камалышы — адилетсиздик.

«Ал өзү убадалаган акча каражатты мамлекеттик казынага которду. Аны кечээ эмне себептен кармалганы белгисиз. Бул — адилетсиздик. Матраимов пандемия учурунда элге жакшы эле жардам берди. Ошол оор кырдаалда башка ким элге ким жардам берди эле?»,- деди митингдин катышуучусу Назик Исламбекова.