Митингде ок тийип, көзүнөн ажырап калган жигиттер элден жардам сурайт

5-октябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында орун алган башаламандыкта жүздөгөн адам жаракат алып, бир адам каза болду. Анда 28 жаштагы Уларбек Нурлан уулунун сол, 34 жаштагы Талант Бейшеевдин оң көзүнө желим ок тийип, экөө бирден көзүнөн ажырап калышты. SUPER TV учурда Бишкектеги №4 шаардык оорукананын көздүн микрохирургиясы бөлүмүндө дарыланып жаткан алардан кабар алып кайтты.

Уларбек Нурлан уулу ошол кырсык болгон күндү мындайча эскерди:
“5-октябрь күнү саат 22:00 чендерде Ала-Тоо аянтына чыгып, түн оогондо Кыргыз Улуттук Филармониясы тарапка багыт алдык. Бизге каршы желим ок аткан укук коргоо кызматкерлеринен жашынып, бадал аралап бараткам. Бир убакта башымды көтөрсөм, көзүмө келип ок тийди. Көрсө, мени мээлеп турушуптур. Ошол замат көзүмдү жаап, жерге кулап, кудайлап калдым. Кийин ооруканага алып келип, операция аркылуу көзүмдү оюп кеткен окту алып чыгышты”.


Ал эми Талант Бейшеев “көзүмдү сактап калуу мүмкүн болгон жок” дейт.
“Окуя Ак үйдүн алдында болуп жатты. Саат 23:00дүн тегереги болчу. Айлана ызы-чуу, октор, жардыргычтар жаап жатты. Бир жигиттин колуна жардыргыч зат тийгенин өз көзүм менен көрдүм. Бир аздан соң менин көзүмө ок тийди. Эс-учумду жоготуп коюптурмун, кантип ооруканага алып келишкенин билбейм. Дарыгерлер операция жасап, “Талант, сабыр кыл, бир көзүң ок тийгенде эле агып калыптыр, аны эми кайтара албайбыз” дешти. Эми мага ким көз салып берет?”

Жардам берүүнү каалагандар үчүн реквизиттер:
Талант Бейшеев 0556 69 09 90 (ЭлСом)
Уларбек Нурлан уулу 0703 29 02 86 (ЭлСом)