Митингден кийин Таш-Дөбө айылынын тургундарына суу берүүнү убадалашты

Таш-Дөбө айыл аймагы таза суу менен камсыз болот. Бул тууралуу Мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

«Чүй облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Жентелиев жана Чүй облусунун Аламүдүн районунун акиминин орун басары Абдугулов жергиликтүү эл менен жолугушту. Жыйында жаңы айылды суу менен камсыз кылуу үчүн республикалык бюджеттен 1 миллион сом каралганы айтылды. Таш-Дөбө айыл өкмөтү Чүй райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгы менен биргеликте долбоорлоо үчүн керектүү документтерди даярдоону киргизет. Бардык документтер бүткөрүлүп, берилгенден кийин Чүй облустук капиталдык курулуш башкармалыгы долбоордук-сметалык документтерди түзүүгө тендер жарыялайт», — деп айтылат маалыматта.

Кечээ, 22-июлда Таш-Дөбө айылынын тургундары бош чакалары менен көчөгө чыгышып, 10 күндөн бери суу жок экенин айтышкан.