Митингге чыккан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер президент менен жолукмай болушту

Бүгүн, 15-июнь күнү Ак Үйдүн жанында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин митинги өтүүдө. Алар президент Садыр Жапаровдон турак-жай маселесин чечип берүүсүн талап кылышууда. «Арабызда 1000 сомдон 6000 сомго чейин жөлөк пул алгандар бар. Батирдин ижара акысы эле азыр 10 000 сомдон жогору турат. Биз көчөдө калып жатабыз» деген ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген Жазгүл Пазылова СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине бир катар маселелерин айтты.

«Биз 10 жылдан бери үй-жай маселесин чече албай кайрылбаган адам, какпаган эшигибиз калбады. Тилекке каршы, бизди эч ким уккан жок. Эки жума мурун мурунку президент Курманбек Бакиевдин үйүнөн 35 үй-бүлөнү эскертүүсү жок, алдап көчөгө чыгарып коюшту. Жыйынтыгында баарыбыз барар жерибиз жок көчөдө калдык. Мына, бүгүн 3-күн болуп жатат, Садыр Жапаров бизди кабыл алып, турак-жай маселесин чечип берүүсүн өтүнүп митингге чыгып жатабыз. 

Азыр саат 4тө бизди президент кабыл аларын айтышты. 40 чакты адам турак-жай маселебизди чечип алалы деп эртең менентен бери турабыз. Президентке саналуу гана адамдар кирмей болдук. Садыр Жапаров менен сүйлөшүү кандай болот, аны да көрөбүз«, — дейт ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген Жазгүл Пазылова.