Митингге чыккан «Дордой» базарынын соодагерлери менен экономика министринин орун басары жолукту

Экономика жана каржы министринин орун басары Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыккан «Дордой» базарынын соодагерлери менен жолукту. Бул тууралуу журналисттерге митингдин катышуучулары билдиришти. 

Алардын айтымында, импорттук товарларга бажы алымдарын жана салыктарын азайтууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповго кат жөнөтүшкөн. «Бүгүн бизди Өкмөт үйүндө кабыл алышты. Биз министрлер кабинетинин төрагасына кайрылуу жаздык. Экономика жана финансы министринин орун басары Бекболот Алиев дагы биз менен жолугуп, саат 16:00гө бизди министрликтин имаратына чакырды», — дешти алар. 

8-сентябрда «Дордой» базарынын соодагерлери бажы алымдарынын белгисиз себептерден улам эки эсеге көтөрүлгөнүн айтып чыгышкан. Бирок Бажы кызматынан бажы алымдарынын жана салыктардын баасы өзгөрүлбөгөнүн билдиришкен.