Мобилдик клиника Баткендеги чек арада жайгашкан райондорго жөнөп кетти. График

ИЛЛЮСТРАЦИЯ

3-октябрдан 12-октябрга чейин онколог-маммолог, гинеколог, терапевт жана УДИ-адистен турган медицина кызматкерлеринин командасы Лейлек районундагы аялдарга жана өспүрүм кыздарга акысыз кеп-кеңеш беришет жана текшеришет. Ал эми 13-21-октябрь аралыгында мобилдик клиника Баткен районунун алыскы айылдарына барат.

Мобилдик клиниканын Лейлек районундагы сапарларынын графиги:

1. 3-4-октябрь — Кулунду а/ө — Интернационал айылы – “40 лет Кыргызстана” аталышындагы орто мектеп

2. 5-6-октябрь — Кулунду а/ө — Кулунду айылы – Кулунду ЖДПБ

3. 9-10 октябрь – Ак-Суу а/ө — Ак-Суу айылы – Ак-Суу ОМ

4. 11-12-октябрь  – Катран а/ө — Катран айылы – Ата-Журт аянты

Баткен районунда мобилдик клиника Ак-Татыр, Көк-Таш, Боз-Адыр жана Ак-Турпак айылдарына барат.

Мобилдик клиниканын Баткен районундагы сапарларынын графиги:

1. 13-14-октябрь – Ак-Татыр а/ө — Ак-Татыр айылы – Ак-Татыр ОМ

2. 16 -17-октябрь – Ак-Сай а/ө — Көк-Таш айылы – Көк-Таш ОМ

3. 18-19-октябрь – Суу-Башы а/ө — Боз-Адыр айылы – Боз-Адыр гимназиясы

4. 20-21-октябрь – Төрт-Гүл а/ө — Ак-Турпак айылы – №12 ҮДТ