Мобилизациядан улам Кыргызстанга келген TikTok’чу Бишкекте батирден куулуп, акчасын ала албай калганын айтты

Орусиядагы мобилизициядан улам Кыргызстанга келген ТикТокчу Бишкекте ижарага алынган батирден куулуп, акчасын алдап кеткенин билдирди.

Блогер Кыргызстанга 10 күндөй мурда жанында 2 адам менен келген. Ал эми кечээ, 6-октябрда жагымсыз окуяга туш болгон. «Таң эрте банкка карта алуу үчүн бардым. Картамды алдым, эртең менен тамактанып, сейил бакта видео тартайын деп чечтим. Бир убакта эле балдар чалышты. Алар батирдин ээси келгенин айтып, бат баруумду суранышты. Мен чуркап бардым. Тамеки чеккени чыгып кеткен окшойт. Мен кирсем жок экен. Жанымдагылар коркконунан кийимдерин чогултуп коюшуптур. Батир ээси келип, кыйкыра баштады. Мен азыр мушташ чыгып кетерин сездим. Түшүнүктүү болушу үчүн айтып коеюн. Биз эки жумага деп 70 миң сом төлөгөнүбүзгө карабай, интернет жок болду. Муздак суу да бир нече күн болгон жок. Кыязы сууга акча төлөөнү унутуп калат окшойт. Ошого карабастан биз анын батириндеги дааратканасынын эшиги жабылбарын жана ашканадагы точка иштеберин видеого тартып, интернетке киргизип койгонубузга кыйкырып жатты. Тургундар мындай батирдин баасы 15-20 миң сом болорун жазышты. А биз жумасына 35 миң сом төлөдүк. Кыскасы, ал бизди чыгып кеткиле деди. Бирок бизде дагы 3 күн бар болчу. А бул 15 миң сом. Калган акчаны кайтарып берет бекен деп сурадым. Ал жок деп жооп берди. Биз кийимдерибизди алып чыгып кеттик», — деп жазды ал.

Ал кофейняда отуруп, аны катталуучусу көрүп калып, үйүн көрсөткөнүн, ал үйүн бир нече күнгө акча төлөп ижарага алганын жазды. Блогер кыргыздардан ондогон билдирүүлөрдү алганын, туш-тараптан жардам сунушталып, аларга ыраазычылык билдирди.