«Мойнума бычак такап, кайнак суу куюуга аракет кылган соң күйөөмдөн көңүлүм калды» дейт келин

SUPERTV’нын бул жолку каарманы Гүлчехра Уролова. Ал 37 жашта. Турмушка 30 жашында чыккан. Турмушка чыккан соң жолдошу ага чейин 5 аял алганын билген эмес. «Мен алдаганды билбесем эле, башкаларды да алдайт деп ойлобоптурмун» деген келин үй-бүлөлүк зомбулукка кабылганын, бирок балдары атасыз өспөсүн деп, үй-бүлөнү сактап калууга аракет кылганын айтат.

Жолдошу экөө үйлөнөрдө мурдагы турмушу болбой калганын, андан 1 уулу бар экенин айткан. Ал эми каарманыбызга кайненеси «төрөбө» деген талап койгон. Бирок ал учурда 3 баланы тарбиялап келет. Жолдошу болсо, мындан 2 ай мурда унчукпастан балдарын таштап кеткен.

«Мен аны дайыма кечирип жашадым. Жашап кеткенге аракет кылдым. Мени урат, бир эмес, эки жолу милиция чакырдым. Мойнума бычак такап, кайнак суу куюуга аракет кылган соң күйөөмдөн көңүлүм калды. Мен ага чейин балдарым ата мээримине зар болбосун деп кечирип келгем», — дейт ал.