Молдовада 1965-жылы туулган Х.Х. аттуу жаран кармалды. Ал Интерпол аркылуу эл аралык издөө жарыяланган. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Шектүү Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинде каралган (кызматтык абалын пайдалануу менен жасалган өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык) кылмыш жасады деп айыпталууда.
Ошентип, Х.Х. аттуу жаран мамлекеттик кызматкер болуп турган учурда, материалдык киреше алуу максатында алдамчылык жолу менен жарандан чоң суммадагы акча тартып алып, анын материалдык зыянга учурашына себеп болгон. Мындан тышкары, ал бир катар ушундай эле кылмыштарды жасоого шектелүүдө.
Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан кармалган адамды экстрадициялоо маселеси каралууда.
Х.Х. аттуу жаранды — президенттин мурдагы кеңешчиси Айдар Халиков (Хайдарали) экенин жазып жатышат.