Молдовановкадагы абактын кызматкери эми балдарга англис тилин үйрөтөт (видео)

№1 түзөтүү мекемесинин кызматкери майор Мария Насридинова молдовановкалык балдарга англис тилин үйрөтөт. Бул тууралуу ЖАКтан билдиришти.

«Балдар үчүн ар кандай хобби ийримдерин уюштуруп, келечекте жаш муундардын билим жана интеллектуалдык өнүгүүсүнүн бул асыл эстафетасын башка айылдарга да жеткирүү пландалууда. Тил курсунун катышуучулары ата-энелерине сюрприз жасоону чечип, Молдовановкадагы бала бакчанын базасында жаңы жылга карата чакан концерт даярдашты. Кичинекей артисттер «Золушка» кичи спектаклин көрсөтүшүп, англис тилинде поэзия жана ырларды окушту жана албетте хореографиялык чеберчиликтерин көрсөтүштү»,- деп айтылат маалыматта.