Мончодо жөрмөлөгөн мигранттар боюнча Орусиянын Ички иштер министрлиги маалымат берди

Орусиянын Ички иштер министрлиги Москвадагы мончодогу рейд учурунда полиция мигранттарга каршы эч кандай мыйзамсыз аракеттерди жасабаганын билдирди.

«Учурда Москва шаарынын аймактык ички иштер органына алардан эч кандай кайрылуу түшө элек», — деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө. 

Алар 10-апрелде борбор калаанын милициясы ФСБ жана Орусиянын Улуттук гвардиясы менен биргеликте чет элдик жарандардын мыйзамсыз аракеттерин токтотуп, борбор калаанын Тимирязевский районунда жайгашкан коомдук имаратта текшерүү жүргүзгөнүн такташкан.

«Натыйжада 59 чет элдик жаран ИИМге жеткирилип, текшерилип, алардын 25ине карата Орусиянын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 18.8-беренесинин (чет элдик жаран тарабынан Орусияга кирүү же болуу эрежелерин бузуу) боюнча административдик материалдар түзүлдү»,- деп айтылат маалыматта.