Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы өлкөгө алып келинген кумшекердин баасын төмөндөтүүнү сунуштады. Бул тууралуу аталган мекемеден маалымдашты.
Кечээ, 13-июль күнү Монополияга каршы жөнгө салуу кызматында жыйын болуп, төрага Кеңешбай Тайлаков сырттан келип жаткан кумшекердин баасын арзандатуу керектигин айткан. Аталган кызмат соода борборлору, Айыл чарба министрлиги, кумшекер жеткирүүчүлөр менен келишим түзүп, калкты чөнтөгүнө ылайык баадагы кумшекер менен камсыз кылуу керектиги сунушталган. Андан сырткары кумшекердин баасы боюнча мониторинг жүргүзүп, дүң-чекене баада саткан сатуучулар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп туруу керектиги айтылды.