Монополияга каршы кызмат: «Бишкекте ун тартыштыгы жок»

Бишкекте ун тартыштыгы жок. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти.

28-сентябрь күнү Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Борбордук аппаратынын жана Бишкек шаардык бөлүмүнүн кызматкерлери, Бишкек шаарынын аймагындагы ун өндүрүүчү ишканаларга мониторинг жүргүздү. Мониторингдин жүрүшүндө ундун баасы туруктуу экени жана баалардын өсүшү күтүлбөй турганы аныкталган. Учурда Бишкектеги ун комбинаттарында ун тартыштыгы жок. Бардык базаларда ун жетиштүү көлөмдө бар жана ун ташып жеткирүүчүлөрдүн айтымында, ун тартыштыгы күтүлбөйт.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы ун, нан бааларын күн сайын мониторинг жүргүзүүдө.