Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөр жаңысына сынаксыз жана акысыз алмаштырылат

Мурда берилген мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдүн ээлери, жаңы 10 жылга берилчү документтерди 2026-жылдын январынан тарта “Унаа” кызматына келип сынаксыз жана акысыз алмаштыра алышат. Бул тууралуу Каныбек Туманбаев түз эфир учурунда билдирди.

Ал эми эл аралык айдоочулук күбөлүктөр мөөнөтү бүткөнгө чейин жарактуу болот.