«Мөөнөтү өтүп кеткен дарылар колдонулган, 5 кишиге өлчөнгөн тамакка 2 бейтап тойчудай». Тогуз-Тородогу оорукананын абалы

Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы аймактык ооруканадагы бейтаптардын укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүштү. Бул тууралуу аталган укук коргоо мекемесинен билдиришти.

Ооруканага барган учурда, Соматикалык жана Балдар бөлүмү бир жерде жайгашканы аныкталган. Балдар бөлүмүндө аларды дарылоо үчүн зарыл болгон шарттар жок. Дарыгерлер кабинеттери жана палаталар суук. Бул электр энергиясын керектөөгө чек коюлгандыгы менен түшүндүрүлөт. Жылуу суу жок, душ бөлмөсү начар абалда жана сууктан улам өз багыты боюнча иштетилбейт. Акыйкатчынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүдө бейтапкананын администрациясы маалымдагандай, ооруканага линолеум сатып алынган, аны медициналык персонал дем алыш күндөрү өз күчү менен төшөп, косметикалык ремонт жүргүзүшмөкчү. Бейтапкананын калган бөлүмдөрүндө да жылуу суу жок. Душ бөлмөлөрү чарба буюмдарын сактоо үчүн колдонулат. Мындан тышкары, Хирургия бөлүмүнүн бейтаптары мыйзамга ылайык, милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ФОМС) полиси аркылуу берилүүчү Нош-па жана Папаверин каражаттарын өзүлөрү сатып алууга аргасыз болушат, анткени дарыгерлер бул дарылардын ооруканада жоктугун айтышат.

Мындан сырткары, төрөт бөлүмүнүн процедура кабинетин кароо учурунда мөөнөтү өтүп кеткен дары каражаттары табылган. Дары каражаттарынын тизмесин текшерүүдө аныкталгандай, ушул жылдын октябрь айында бейтаптарды дарылоо үчүн дал ушул мөөнөтү өтүп кеткен каражаттар колдонулганы белгилүү болду. Бул оорукананын бейтаптарын тамак-аш менен камсыздоо маселесине келсек, мониторинг учурунда оорукана тарабынан берилген 5 кишиге деп эсептелген кечки тамак 2 эле бейтапты тоюндурууга жеткидей абалда болгон.

Жогоруда аныкталган фактылар боюнча Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери тарабынан тиешелүү актылар түзүлдү, алар мамлекеттик тиешелүү органдарга чара көрүү жана укук бузууларды четтетүү үчүн жөнөтүлөт. Эске салсак, бул долбоорду ишке ашырууга Европа биримдиги жана Германия экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү федералдык министрлиги (BMZ) кошо каржылануучу “Кыргыз Республикасындагы укук үстөмдүгү 2-фаза” программасы тарабынан колдоого алынган.