Мопед жана скутер айдоочуларына кошумча “М” категориясы киргизилет

Жакынкы күндөрү көлөмү 50 кубга чейинки мопед жана мото-скутер айдоочуларына кошумча “М” категориясы киргизилип, каттоого алынып, мамлекеттик номур тагылып, мото-скутер айдоочуларынын жоопкерчилиги күчөтүлөт. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бул багытта тийиштүү мыйзам долбоору иштелип чыгып, башка мамлекеттик кызматтар менен макулдашуу стадиясында турат.