Москва шаарында Комуз күнү белгиленди (сүрөт)

Орусиянын Москва шаарында Комуз күнү белгиленди. Бул тууралуу коомдук ишмер Асылкан Төлөнбаева билдирди.

Маалыматка караганда, катышуучуулар «Ак Нур» коомунун мактоо баракчалары менен сыйланып, «От кармаган Орозайым» китеби белекке берилген.

«Москвада Комуз күнүн белгиледик. Кубанычбек Чотуров деген агай көп жылдан бери 3 жашар баладан 70 жаштагы карыяга чейин зерикпей комуз үйрөтүп келет. Иш-чара ошол агайдын жетекчилиги алдында уюштурулду. «Таң Чолпон» комузчулар тобу бар. Ошол топтун демилгеси менен иш-чара эң мыкты деңгээлде өттү. Чет элде иштеп, жашап жүрсөк да жүрөгүбүздө кыргыз күүсү бар»,- деди ал.