«Москвада 18 жылдан бери ашкана, жуунуучу жай бир жерде болуп жашап келе жатабыз» дейт аял

Гүлайым Жумабаева Орусияга 18 жыл мурда уулу Асмандын ден соолугун көрсөтүү үчүн келип, аталган өлкөдө калып калышкан. Ал 18 жылдан бери көп кабаттуу үйлөрдүн биринде кароолчу болуп эмгектенип, ал тар бөлмөдө уулу экөө күн кечирип келишет.

Каармандын айтымында, ЖОЖдо окуп жүргөн 20 жашында аны тааныбаган жигит алып качып кеткен. «Ошол окуя жашоомду нугунан чыгарып койду. Кайра калыбына келтириш оор болду», — деди ал. 

«Биздин ашкана, жуунуучу жай бир жерде. Уулумду жуунтуш үчүн ваннадагынын баарын алып чыгып, кайра алып киребиз. Балам 7 жашка чыкканда дагы бир жолу озондоп ыйладым. Бул курактуу балдардын баары гүл көтөрүп, мектепке барышты. Үйгө мугалим келгенде, аябай сүйүнгөнбүз. Ошентип үйгө 11 жыл мугалим келип, окутуп жүрдү», — деди ал.