Москвада аэропортто уча албай калган казактарга кыргыз диаспорасы тамак ташып жатканы айтылды

Бүгүн, 7-январда Москва шаарынын «Домодедово» аэропортунда 2 суткадан бери Казакстанга уча албай, аэропортто күн кечирүүгө аргасыз болуп жаткан жүргүнчүлөр тууралуу видео тарады. Жүргүнчүлөрдүн айтымында, аларга ушундай оор кырдаалда жалгыз кол сунгандар кыргыздар болгон.


«Эки күндөн бери үйүмө учуп кете албай жатам. Авиакомпания да, Орусиядагы Казакстандын элчилиги да бир дагы телефон чалууга жооп бербей жатат. Азыр Бишкек аркылуу үйгө жетүүгө аракет кылып жатам. Казакстанда интернетти да өчүрүп коюшкандыгына байланыштуу үйдөгүлөргө да байланыша албай, сарсанаа болуп жатабыз. Ушундай кырдаалда бир гана Москвадагы кыргыз диаспорасы кол сунуп, ысык тамак-аш, суу, жер-жемиштерден өйдө алып келип, колдоо көрсөттү», — дейт Гаухар аттуу жүргүнчү.