Москвада көчө шыпырып иштеген Кыргыз жараны таштандыдан тапкан акчаны полицияга өткөрүп берди

Шаардын Медведково районундагы таштандыдан көчө шыпырып иштеген Кыргыз жараны 1 миң доллар жана 80 миң рубль таап, полицияга алып барып берген. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, кыргызстандык таштандыдан чүпүрөк баштык таап алган, анын биринде 10 даана 100 доллар, 5 миңдик рублдан 15 даана, 5 даана миң рубль жана дагы 50 рубль болгон. Жаран алгач акчанын ээсин өзү табууга аракет кылып, кийин полицияга кайрылган. Окуя боюнча иликтөө иштери башталды.