Москвада күч кызматкерлери Кыргызстандын элчилигинин кызматкеринин батирине бастырып киришкен. ТИМ үн катты

Социалдык тармактарда Орусиянын ички иштер кызматкерлери Кыргызстандын элчилигинин кеңешчиси Манас Жолдошбековдун батирине кирип, анын үй-бүлө мүчөлөрүнө денесине залал келтиргени тууралуу маалымат тараган.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, 12-апрелде Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинде Орусиянын элчилигинин консулдук кеңешчиси менен жолугушуу болуп өттү.

Тышкы иштер министрлиги Орусиянын полиция кызматкерлеринин Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин кеңешчисинин үй-бүлөсүнө жасаган мамилесин айыптады. Ошондой эле Орусиянын укук коргоо органдары тарабынан Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн аккредиттелген кызматкерлерине карата мындай аракеттерге жол берилбестиги жана дыкат иликтөөнү жана күнөөлүүлөрдү тез арада жоопкерчиликке тартууну талап кылаары белгиленди.

Өз кезегинде консул бул факты боюнча өкүнүчүн билдирип, Орусиянын Тышкы иштер министрлиги кыргыз тараптан расмий нота алганын, анын негизинде учурда текшерүү жүрүп жатканын, анын жыйынтыгы менен кыргыз тарапка маалымат берилерин билдирди. 

Буга чейин Орусиянын телеграм каналы 8-апрелде Кыргызстандын элчилигинин кеңешчиси Манас Жолдошбековдун Москвадагы жашаган жеринде Орусиянын Ички иштер министрлигинин эки кызматкери Орусияда жүрүшүнүн мыйзамдуулугун текшерүү үчүн баарганын жазган.