Москвада кыргыздар менен тажиктер биргелешкен ооз ачарга чогулушту

Москвада кыргыздар менен тажиктер достуктун жана жакшы коңшулаштыктын ооз ачарын өткөрүштү. Бул тууралуу Кыргыз диаспорасынын кеңешинен билдиришти.

Маалым болгондой, иш-чарага Москва районунда жашаган аксакалдар, эки өлкөнүн дипломатиялык кызматтарынын, диаспораларынын өкүлдөрү жана Кыргызстан менен Тажикстандын диний ишмерлери катышкан. 

«Тарыхый тагдыр бизге коңшулаштыкты эске алуу менен түбөлүк бирге жашоону алдын ала белгилеген. Бизди көп кылымдык тагдыр гана эмес, өзгөчө руханий жакындык, диндеги окшоштук жана элдерибиздин миң жылдык бай маданияты, өткөнүбүз, бүгүнкүбүз жана келечегибиз байланыштырып турат. Рамазан айы тынчтыктын, достуктун, жакшы коңшулаштыктын жана өз ара түшүнүшүүнүн пайдубалына айлансын», — деди Москва шаарындагы жана Москва облусундагы кыргыз диаспоралар кеңешинин жетекчиси Райымбек Аттокуров. Иш-чаранын соңунда имамдар куран окуп, дуба кылышты.